Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын экономикалык кызматташтыгы өнүгүү жолунда жана чоң потенциалга ээ. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономист Кубан Чороев билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкө жогорку деңгээлдеги жолугушууларды, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын, бизнес-форумдарды жигердүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендигин көрсөтүп келет.

“Кызматташтыктын негизин Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясы түзөт. Бул комиссиянын жыйындарында соода-сатыкты активдештирүү, инвестиция тартуу жана тармактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат. Ошентсе да, соода жүгүртүүнүн көлөмү эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша толук ачыла элек. Эки тарап тең учурда түз бизнес байланыштарды түзүү жана сооданын көлөмүн көбөйтүү аракеттерин көрүүдө”, - деди ал.
Кубан Чороев белгилегендей, Пакистандан Кыргызстанга фармацевтика, кийим-кече, териден жасалган буюмдар, спорттук шаймандар, транспорт каражаттары, айыл чарба продукциялары (картошка, күрүч, чай, цитрус жемиштери) импорттолот.
Ал эми Кыргызстандан фасоль, эт консервалары, авиакеросин, дары-дармек, иштетилген тери, мониторлор, проекторлор, учак тетиктери экспорттолот.

Ошондой эле эки өлкө энергетика тармагында кызматташат. CASA-1000 долбоорунун алкагында эми Кыргызстанга Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, агроөнөр жай тармагында адал-индустрия багытында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу, түз авиакаттамдарды ачуу, транзиттик каттамдарды жандандыруу иштери да Кыргызстан менен Пакистандын алакасын арттырат.
Серепчи Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда кызматташуунун келечектүү багыттары абдан кеңири экенин айтып, аларга токтолуп өттү:
- Туризм. Эки тараптуу туристтик роуд-шоуларды уюштуруу, туристтик агымды көбөйтүү жана туристтик жайлардын потенциалын биргелешип жайылтуу;
- Инвестиция. Кыргызстандын туризм, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана логистика тармактарына пакистандык инвестицияларды тартуу. Инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү;
- Фармацевтика. Кыргызстанда фармацевтикалык продукцияны биргелешип өндүрүү же Пакистандын алдыңкы компаниялары менен кызматташууну жолго коюу;
- Билим берүү жана маданият. Жогорку окуу жайлар (ЖОЖдор) ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттер жана чыгармачыл делегациялар менен үзгүлтүксүз алмашууларды уюштуруу;
- Стандартташтыруу жана метрология: Соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу үчүн стандарттарды жана сертификациялоо системаларын шайкеш келтирүү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Пакистандын товар жүгүртүүсү 2024-жылы 16,2 млн долларды түзгөн, импорт – 14,2 млн доллар, экспорт – 1,9 млн доллар. 2020-2024-жылдары соода алака 2,3 эсеге жогорулаган.