Былтыр тоо-кен тармагынан бюджетке 65 млрд сом түштү

Экономика Загрузка... 10 Март 2026 12:58
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоо-кен тармагынан 2021-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2025-жылдын ичинде эле бюджетке түшкөн каражат 65 млрд сомго жетип, туруктуу өсүштү көрсөттү. Мында "Кумтөр" компаниясынын салымы чоң болгон.

Учурда запастарды көбөйтүү, өндүрүш көлөмүн арттыруу жана негизги кендердин иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.