Былтыр Кыргызстан менен Казакстандын товар жүгүртүүсү 2 млрд доллардан ашты – элчи

Экономика Загрузка... 29 Январь 2026 17:12

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Былтыр Кыргызстан менен Казакстандын товар жүгүртүүсү 2 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай натыйжага президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жетишилүүдө.

“Акыркы 5 жылдын ичинде жарандардын турмушу жакшы жакка өзгөрдү. Алдыга койгон пландарыбыз ишке ашууда. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин аркасында дагы да артууда. Биздин товар жүгүртүү 2025-жылдын жыйынтыгы менен 2 млрд доллардан ашты. Мындан ары да көп жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп терең ишенем”, - деди элчи.