Былтыр Кыргызстан менен Беларустун соода жүгүртүүсү 206,8 млн долларды түздү

Экономика 1501 30 Март 2026 15:35
NU4xgxXZagL8Pfcw3ZKa.webp
659952860_4578013925759386_430803363175806645_n (1).jpg
Алдыга
Артка
NU4xgxXZagL8Pfcw3ZKa.webp
659952860_4578013925759386_430803363175806645_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстандын Беларустагы элчилиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы 117,7 млн доллар болсо, 2025-жылы 206,8 млн долларды түздү. Анын ичинде Кыргызстандын экспорту 30%дан ашык өскөн (2023-жылы — 33 млн доллар, 2025-жылы — 44,6 млн доллар).

Белгилей кетсек, бүгүн элчи Эрбол Султанбаев менен Беларусь соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумуна карата даярдыктарды талкуулады.