Бишкек, 03.10.25 /Кабар/. Мурдагы жылдары аз сандагы социалдык база бар болсо, былтыр 75 база ачылып иштей баштады. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.
Ал көмүрдүн баасынын айланасындагы маселелерге токтолуп жатып, “Байкап көрсөм, мурун социалдык оъектилер менен Бишкек ЖЭБин камсыздоонун айланасында эле жумуштар жүргүзүлчү экен. Былтыр министр социалдык базаларды көбөйтөлү деген сунушту киргизген. Ал эми буга Бишкек шаарынын чет жакаларында, жол жээктеринде спекулянттардын көбөйүшү, алардын көмүрдүн өз билгениндей, ар кандай баада сатышы себеп болгон. Бул туура багыт. Мындан улам мурдагы жылдары 20-30 социалдык база болсо, былтыр 75 база ачылып иштей баштады. Биз бул базаларды жеке менчик компаниялар менен келишим түзүп, видео көзөмөл орнотуунун негизинде иштей баштадык.
Бул социалдык базаларды ачуу, авто унааларды таап көмүр казуу компаниялардан ташуу милдети Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча токтомунун негизинде губернатор, аким жана мэрлерге да жүктөлгөн”,-деген ал.