Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 2025-жылы лизинг аркылуу дыйкан-фермерлерге 7,2 млрд сомго 2 миң 69 бирдик айыл чарба техникасы берилди. Бул тууралуу бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Министр бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 2,6 млрд сомго жана 876 бирдик техникага көп экенин белгиледи. 2024-жылы 4,6 млрд сомдук 1 193 бирдик техника берилген.
Акунбеков ошондой эле өлкөдөгү жалпы техникалык парктын саны 92 миң бирдикке чейин көбөйгөнүн маалымдады.