Былтыр альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түштү

Коом Загрузка... 02 Февраль 2026 17:40
3011051.a171ea042a1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. 2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, альтернативдик кызматтан өткөн жарандардын так санын айтуу кыйын, анткени учурда аскердик мезгилге даярдык жана толуктоо иштери жүрүп жатат.

Коргоо министрлигинин алдын ала берилген маалыматына ылайык, 2025-жылы альтернативдик кызматтан түшкөн киреше болжол менен ушундай эле сумманы, тактап айтканда, 750 млн сомго жакын каражатты түзгөн.

Шаршеевдин айтымында, эгерде альтернативдик кызмат жана офицердик программалар боюнча жалпы түшүүлөрдү эсепке алганда, 2024-жылы бул сумма 1,2 млрд сомго жеткен.