Былтыр Акыйкатчы институтуна сот иштерине нааразы болгон 816 кайрылуу түшкөн

Коом 08 Июнь 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.11 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.10 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.10 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-08 at 11.36.09 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Бишкекте өлкөдөгү сот адилеттигин бекемдөө боюнча мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң талкуу өттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жыйынга катышкан акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө сот тутуму адилеттүү жана көз карандысыз иштегенде гана жарандардын мамлекетке жана мыйзамга болгон ишеними артарын өзгөчө белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Акыйкатчы институтунун алдында туруктуу иштеген атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жогорку сот, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги жана адвокаттар кирген бул топ соттук териштирүү укуктарын коргоо боюнча жаңы стратегиянын долбоорун даярдайт.

Маалым болгондой, өткөн жылы Акыйкатчы институтуна сот иштерине нааразы болгон жарандардан 816 кайрылуу түшкөн, анын ичинен 572си сот процесстерине көз салып (мониторинг жүргүзүп) берүү өтүнүчтөрү болуп саналат.