Былтыр 178 мыйзамсыз акча алмаштыруучу жай аныкталган

Экономика Загрузка... 04 Март 2026 12:20
6.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Улуттук банктын Акча алмаштыруу бюролорун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Мурзалиев валюта рыногундагы лицензиясыз ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2025-жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өлкөдө Улуттук банктын лицензиясы жок иштеп жаткан 178 мыйзамсыз акча алмаштыруучу жай аныкталган. Мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды.

Улуттук банк алмаштыруу бюролору чет өлкөлөрдүн накталай валюталары менен гана иштөөгө укуктуу экенин эскертти.

"Башка операцияларды жүргүзүү мыйзамсыз болуп саналат", - дейт ал.

Ошондой эле ал жарандарды валюта алмаштырууну лицензиясы бар жайларда гана жүргүзүүгө чакырды.

"Мындай алмаштыруу бюролору ачык-айкын иштеп, Улуттук банктын талаптарын так аткарышат",-деди ал.