Быйыл кооптуу деп саналган 200дөн ашуун объекти коопсуздандырылды - ӨКМ

Коом Загрузка... 08 Октябрь 2025 16:45
WhatsApp Image 2025-10-08 at 16.00.22.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. 2025-жылы табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында планга киргизилген, кооптуу деп саналган 200дөн ашуун объекти коопсуздандырылып, алдын алуу жана коргоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулган илимий-практикалык конференцияда билдирди.

Анын айтымында учурда жогоруда аталган иштердин 95%ы ишке ашырылды.

“Ошондой эле жыл башында пландалгандан сырткары, дагы кошумча райондук же айылдык деңгээлдеги кооптуу объектилер чыгып калган учурлар болду. Мындай учурларда биз өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга чыгып, кооптуу деп табылган объектилерде коопсуздандыруу иштерин жүргүзөбүз. Негизги аракеттер биздин эскертүүдөн жана жергиликтүү бийликтердин аракетинен турат. Айрым шарты жок аймактардагыларга техника, күч каражаттары жагынан жардам берип, алдын алганга аракет кылабыз. Ага мисалы, жер жана кар көчкү, сел жүрүү, суу ташкыны кирет”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган VI илимий-практикалык конференция өттү. Бул эл аралык иш-чарага бир катар эл аралык уюмдар, ӨКМдин кызматкерлери, тажрыйбалуу эксперттер катышты. Ошондой эле анда буга чейин республиканын аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлыктын алкагындагы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылды.