Быйыл“Кепилдик фонду” 2 млрд сом өлчөмүндө кепилдик берген

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 11:45
WhatsApp Image 2025-11-24 at 11.18.44.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында “Кепилдик фонд” ААКсы өлкөдөгү ишкерликке жалпы 2 млрд 763 млн 660 миң сом өлчөмүндө 1 миң 327 кепилдик берген. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, фонд кепилдик берүүдө 5 приоритеттүү секторду тандап алган.

“Мурунку жылдардай эле аймактардагы ишкерлерди колдоо биздин ишмердүүлүктүн башкы багыты болуп саналат. Айрыкча төмөнкү приоритеттүү багыттарга өзгөчө көңүл бурулууда. Алар айыл чарба тармагы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өнөр жай, туризм жана ипотека. Ушул тармактарга биздин 70 пайыз саны боюнча да жана суммасы боюнча да кепилдиктер жумшалууда.

Элибиздин 60 пайызы аймактарда жашагандыктан, биз аймактарга өзгөчө көңүл буруудабыз. Акыркы маалымат боюнча 90 пайыз кепилдиктер аймактарга берилип, 10 пайыз Бишкекке берилген. Бирок, суммасы боюнча Бишкекте көбүрөөк. Себеби, ишкерликтин баары борбор менен Чүйдө, андан кийин Ош, Жалал-Абадда топтолгондуктан суммасы боюнча кепилдикти көбүрөөк алышат”, - деди Абакиров.

Белгилей кетсек, “Кепилдик фонд” ишкерлерге жардам берүү максатында 2016-жылы түзүлгөн.