Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев быйыл өлкөнүн жол тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын айтты.
Анын айтымында, чоң долбоорлордун эң негизгиси Барскоон – Бедел – Үч-Турфан жолу болуп саналат.
"Бул Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган үчүнчү коридор. Ушул жолдун курулушун жүргүзөбүз. Андан тышкары, Балыкчы – Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушун 31-августка чейин бүтүрүү планы коюлган. Ири долбоорду бүткөрүү үчүн жалпысынан 8 млрд сом каражат керектелет. Ошондой эле Нарын – Баетов жолун курабыз. Узундугу 120 чакырымды түзөт. Буга чейин 30 чакырымга жакынына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Быйыл жолду толук бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз", - деди министр.
Сыргабаев Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолунун курулушун дагы белгиледи.
"Бул өлкө аймагындагы алгачкы биринчи категориядагы жол болуп саналат. Жол 6 тилкелүү болуп, эстакадалык көпүрөлөр дагы курулат. Айланма жолду куруунун негизги максаты шаар ичиндеги тыгындарды жоюуга багытталган", - деди ал.