Быйыл Жалал-Абадда 700 чакырымдан ашык аба чубалгысы жаңыланат

Аймак Загрузка... 16 Февраль 2026 12:42
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.48.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. 2026-жылы Жалал-Абад облусунда жалпы 35-500 кВ чыңалуудагы 726 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул иштерди Жалал-Абад электр тармактар ишканасы март айынан тартып ноябрь айына чейин аткарат.

Быйыл жаңылана турган 726 чакырым аба чубалгысы төмөнкү район жана шаарларда жүргүзүлөт:

  • Манас шаарында — 46 чакырым;
  • Сузак районунда — 150 чакырым;
  • Ноокен районунда — 118 чакырым;
  • Кочкор-Ата шаарында — 12 чакырым;
  • Таш-Көмүр шаарында — 34 чакырым;
  • Базар-Коргон районунда — 70 чакырым;
  • Базар-Коргон шаарында — 18 чакырым;
  • Аксы районунда — 43 чакырым;
  • Ала-Бука районунда — 60 чакырым;
  • Токтогул районунда — 91 чакырым;
  • Токтогул шаарында — 12 чакырым;
  • Кара-Көл шаарында — 44 чакырым;
  • Чаткал районунда — 13 чакырым;
  • Майлуу-Суу шаарында — 15 чакырым.

Муну менен катар:

  • 10 541 даана изолятор алмаштырылат;
  • 798 даана вибрацияны басаңдатуучу түзүлүш орнотулат;
  • 198 даана канаттуулардан коргоочу КЗ-70 үлгүсүндөгү жапкыч коюлат;
  • мамычаларга баруучу 70 чакырым жол калыбына келтирилет.