Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Жакынкы айларда Ысык-Көл облусунда күн электр станцияларынын курулушун аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу Энергетика министрлиги тийиштүү саясатты жүргүзүп, тармакта жаңы долбоорлорду ишке ашырууда.
"Электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу Энергетика министрлигинин өз саясаты бар. Эгер баары ийгиликтүү болсо, быйыл күн электр станциялары ишке киргизилет. Жакынкы айларда Ысык-Көл облусунда күн станцияларынын курулушу аяктап, ушул жылы аларды эксплуатацияга беребиз. Мындай долбоорлордун эсебинен электр энергиясынын тартыштыгын жоюуну көздөп жатабыз", – деп белгиледи ал.