Бишкек, 23.12.25. / Кабар/. 2025-жылы президент Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу 3 өлкөгө расмий сапар жасады. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысы алгач 21-22-апрелде Бахрейн Падышалыгына барган. Бул өлкө тарыхында президенттин Бахрейн Падышалыгына алгачкы расмий сапары болду.
Сапардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
Андан кийин 24-25 июнда Садыр Жапаров Малайзияга барды. 30 жыл ичинде алгачкы жолу Кыргызстандын президентинин Малайзияга расмий сапары уюштурулду.
Анда негизги көңүл соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, санариптештирүү, билим берүү жана адал-индустрия чөйрөсүндө кызматташуу маселелерине бурулду.
4-5-ноябрда кыргыз-египет мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен президент Садыр Жапаровдун Египетке расмий сапары өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык аренада өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Бул сапарларды өткөрүү Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарын өнүктүрүүдө жана эл аралык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп калды.