Быйыл Оштогу Навои паркынын аймагында 5 миң түп көчөт отургузулат

Коом 416 27 Январь 2026 10:29
4.jpg
1.jpg
2.jpg
622282085_1233528752299353_8874366387470235502_n.jpg
622369247_1233528998965995_8649478596008273729_n.jpg
622375694_1233528592299369_6038305353454347337_n.jpg
622624413_1233528725632689_7614111817035162071_n.jpg
622821084_1233529098965985_8432126789810593247_n.jpg
623299287_1233528898966005_7406635136249845030_n.jpg
623369088_1233528688966026_3351239977938323267_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Быйыл Ош шаарындагы А.Навои атындагы паркта 5 миң түп көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай тапшырманы бүгүн таңкы рейддин жүрүшүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаев берди.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы аталган парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу боюнча көрсөтмө берген. Парк толугу менен жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин баса белгилеген.

Ошондой эле парк аймагында жайгашкан "Палван-Сарай" имаратынын орду келечекте эс алуу жайы катары уюштурулат.