Быйыл Нарында жогорку чыңалуудагы 9 225 изолятор алмаштырылат

Аймак Жүктөлүүдө... 09 Июнь 2025 11:45
504909468_703549778936667_3554116505635428784_n.jpg
504677160_703549825603329_2641854737302268540_n.jpg
504909468_703549778936667_3554116505635428784_n.jpg
505081999_703549722270006_8171513346150127331_n.jpg
505085319_703549718936673_9049787713247546374_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Быйыл Нарын облусунда жогорку чыңалуудагы 9225 даана изолятор алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 1846 даанасы алмаштырылды.

Учурда 110 кВ “АГЭС–Ак-Кыя” аба чубалгысында оңдоо иштери жүрүүдө. Бул жерде 583 даана изолятор алмаштырылат. Андан тышкары, чубалгыга тийген бак-дарактарды кыркуу, фазировкаларды, номурларды жаңыртуу, байланыш кошулмаларын бекемдөө иштери да аткарылып жатат. Бул иштер электр чубалгыларын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

Капиталдык курулуш боюнча 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонунан жаңы линия тартылып, зым тирек орнотуу каралган.