Быйыл мыйзамсыз курулуш катталган жок – Нурдан Орунтаев

Коом Загрузка... 10 Декабрь 2025 12:18
WhatsApp Image 2025-12-10 at 12.16.14.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 200гө жакын мыйзамсыз курулуш аныкталган болсо, быйыл бир дагы мыйзамсыз курулуш катталган жок. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча бардык курулуштар мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат. Буга чейин мыйзамсыз курулуштарга көз жумулуп келген учурлар болгон. Азыр андай көрүнүштөргө жол берилбейт.

“Тийиштүү документтери жана планы жок курулуштарга жол берилбейт. Мыйзамсыз курулуш башталган болсо, дароо тийиштүү чаралар көрүлүп, айып салынат. Мыйзамсыз курулуштарга каршы 3 миңге жакын административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 120 миллион сомго жакын айып пул салынды. Бул суммага мыйзамдуу курулуштардын ичинде дагы мыйзам бузган учурлар да кирет. Айып пулдардын 80%ы өндүрүлүп, мамлекеттин бюджетине 96 миллион сом түштү”,- деп белгиледи ал.

Орунтаев кошумчалагандай, мындан тышкары, мурдагы жылдарда катталган мыйзамсыз курулуштар боюнча да иштер жүрүп жатат.

“Мисалы, 2023-жылы катталган 200 мыйзамсыз курулуштун ичинен жарандардын укугун коргоо максатында 100 объектини легалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү”,-деди ал.