Быйыл өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокамералар орнотулду — Кабар

Быйыл өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокамералар орнотулду

Коом 22 декабрь 2025 18:04
Быйыл өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокамералар орнотулду
copyright icon WWW

Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. 2025-жылы өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.

Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүү багыттарынын бири — окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп видеокамералар менен жабдылган.

Учурда бул иштер улантылып, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү күчөтүлүүдө.