Быйыл Кыргызстанда 9 млн көчөт отургузуу пландалган

Коом Загрузка... 29 Июнь 2026 13:10
6476e5d34ce71-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз – кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп берүү. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, "Жашыл мурас" демилгеси кабыл алынгандан бери өлкөдө алгач 6 млн көчөт отургузуудан башталса, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 9 миллионго жеткирүү пландалган.

WhatsApp_Image_trYqG4L.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
"Азыркы учурда пландын 80 пайызга жакыны аткарылды, бул болжол менен 6 миллионго чукул даракты түзөт. Калган бөлүгү күзүндө отургузулат", – деди министр.

Ведомство башчысы ар кандай факторлорду эске алганда, көчөттөрдүн 80 пайызга жакыны тамыр алып, өсүп кетиши жакшы көрсөткүч болуп саналарын белгиледи.

Токтобаевдин айтымында, бул милдет министрликке гана эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Токой кызматына да жүктөлгөн. Министрлик ар бир аймактагы пландын аткарылышын көзөмөлдөп, жерлерди тосуу, тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү жана көчөт отургузуунун туура ыкмаларын сактоо талаптарын коюуда.

Мындан сырткары, министр "Жашыл мурас" демилгесин онлайн форматка өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

"Бизде санариптик платформа түзүлөт. Ал жерден ар бир жаран бак отургузуу иштери реалдуу убакыт режиминде кандай жүрүп жатканын көрө алат", – деп жыйынтыктады ал.