Быйыл Кыргызстанда 75 жаңы кайра иштетүү ишканасы ачылат

Экономика Загрузка... 03 Март 2026 16:15
111_UbKBTu0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү жана өндүрүштү модернизациялоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылы 75 кайра иштетүү ишканасын ишке берүү долбоору бекитилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 6 млрд 203 млн сомду түзүп, каражаттар мамлекеттик жеңилдетилген кредиттер, жеке инвестициялар жана эл аралык уюмдардын эсебинен бөлүнөт.

Аймактар боюнча ишканалардын бөлүштүрүлүшү:

  • Нарын облусу — 15 ишкана;
  • Жалал-Абад облусу — 14 ишкана;
  • Ысык-Көл облусу — 12 ишкана;
  • Ош жана Баткен облустары — 9дан ишкана;
  • Чүй жана Талас облустары — 8ден ишкана.

Быйыл ишке бериле турган 75 объекттин катарында 14 мөмө-жемишти кайра иштетүүчү, 10 мал союучу жай, 8 этти кайра иштетүүчү (анын ичинен алтоо тоок этин өндүрүүчү) жана 8 сүт ишканасы бар. Ошондой эле 10 соода-логистикалык борбор, 5 жүндү кайра иштетүүчү жана 3 тоют даярдоочу ишкана ачылат. Андан сырткары балык, дары чөп, бал жана минералдык суу өндүрүүчү заводдор ишке кирет.