Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда быйыл биринчи жолу 4 миллионго жакын китеп басылып чыкты. Бул тууралуу “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч. Бирок, китеп жетишсиздиги маселеси толук чечиле элек.
“Эгер 2-3 жыл бою ушундай көлөмдө китеп чыгарып турсак, анда бул маселе толук чечилет. Бир эле класстын окуучулары үчүн 100 миңден ашуун китеп керектелет. Эгер ошол эле китепти экинчи тилде да басып чыкса, 200 миң болот. Ар бир класста орточо 8–10 предмет болсо, 1–12-класстар үчүн жалпы керектүү китептердин саны 15–16 миллионго жетет”,- деди ал.