Бишкектин Достук айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Билим 28 сентябрь 2026 11:40
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районундагы Достук айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Жалпы аянты 6,5 миң чарчы метр болгон үч кабаттуу мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.

Учурда имаратта ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы мектеп Достук айылындагы билим берүү мекемелерине болгон жүктөмдү азайтып, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.