Быйыл Кыргызстан боюнча 268 жаңы трансформатор орнотулат

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 09:15
1.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. 2026-жылы "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 268 трансформатор сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен жогорку чыңалуудагы 35-110 кВ тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 МВАга көбөйтүлөт:

  • Бишкек шаарында — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 2;
  • Чүй облусунда — 4.

Керектөөчүлөрдү тейлеген 10/0,4 кВ тармактарында тейлөө сапатын жакшыртуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жалпы 248 даана трансформатор орнотулуп, мунун натыйжасында кубаттуулук кошумча 107 МВАга жогорулайт.

Трансформаторлор облустарга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Бишкек шаарына — 46;
  • Баткен облусуна — 22;
  • Жалал-Абад облусуна — 29;
  • Ысык-Көл облусуна — 28;
  • Нарын облусуна — 27;
  • Ош облусуна — 46;
  • Талас облусуна — 42;
  • Чүй облусуна — 8.