Быйыл "Коопсуз өлкө" долбоору толук ишке ашырылат – ИИМ

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 18:32
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде "Коопсуз өлкө" долбоору 2026-жылдын аягына чейин толук ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин коллегиялык отурумунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында өлкө боюнча 20 миң видеокамера орнотуу пландалууда.

Коллегиянын жүрүшүндө "Коопсуз өлкө" долбоорунун бир жылдык иш-мерчеми бекитилип, аны аткаруу боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Ошондой эле ички иштер органдарынын башчыларынын алдына милицияга кайрылган ар бир жаранга мыйзам чегинде жооп берүү, укуктарын жана милдеттерин так түшүндүрүп, сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын күчөтүү талабы коюлду.

Мындан сырткары, ээлди кабыл алууну белгиленген тартипте ишке ашырып, ар бир жарандын маселесин кунт коюп угуп, жеринде ыкчам чечүү зарылдыгы айтылды.