Быйыл Кочкор районунда 511 трансформатор оңдоодон өтөт

Аймак Загрузка... 11 Июнь 2025 11:36
505953503_704403672184611_6549007526642864785_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Кочкор районунда 2025-жылга карата электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында оңдоп-түзөө жана реконструкция иштери жүргүзүлүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, быйылкы жылы жалпы 511 даана трнсформаторду жана 1076,3 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мерчемделген.

Буга байланыштуу 2025-жылдын алгачкы төрт айында төмөндөгүдөй иштер аткарылды:

  • 190 даана трансформатор капиталдык жана утурумдук оңдолду;
  • жалпы 300 чакырым аба чубалгыларын оңдоп-түзөө.

Ал эми капиталдык курулуш иштеринде төмөндөгүдөй иштер каралган:

  • 24,5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысын толугу менен кайра куруу;
  • шыкча жүктөлүш менен иштеп жаткан 12 даана комплекттүү көмөкчү чордондордун (КТП) шкафын заманбап шаар тибиндеги ГКТПларга алмаштыруу каралган.
  • 929 даана АСКУЭ электр эсептегичтерин алмаштыруу
  • III Элдик rурултайда көтөрүлгөн маселе боюнча жалпы 10/0,4 кВ 1,9 км аба чубалгы жаңы куруу, 1 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформатор орнотуу;
  • 1 даана реклоузер жабдыгын орнотуу.