Быйыл инфляция тышкы факторлорго байланыштуу кайра каралат – Сейитов

Экономика Загрузка... 13 Март 2026 15:10
756421572632600_96z_KAhSRF2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов бүгүн брифингдин жүрүшүндө инфляция боюнча учурдагы кырдаалга комментарий берип, өлкө экономикасына тышкы жана ички факторлордун таасирин белгиледи.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстандын экономикасы тышкы факторлорго өтө ийкемдүү бойдон калууда. Бул биринчи кезекте логистикага: жеткирүүнүн баасына жана татаалдыгына, дүйнөлүк баалардагы өзгөрүүлөргө, өсүмдүк майы жана кант сыяктуу товарларга биржадагы баалардын туруксуздугуна, өнөктөш өлкөлөрдөгү түшүмдүүлүккө байланыштуу.

Ички факторлор кыйла туруктуу деп бааланат, бирок алар республиканын ичиндеги айдоо аянттарынын көлөмүнө жана аба ырайынын шарттарына көз каранды.

"Биздин инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчүбүз 5,7 пайызды түзөт, бирок үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр кайра бааланат. Тышкы абал олуттуу өзгөрдү, бул божомолдорду кайра карап чыгууну талап кылат", - деп баса белгиледи Сейитов.

Белгилей кетсек, өткөн жылы инфляциянын деңгээли бир орундуу көрсөткүчтүн алкагында сакталган, бирок 9 пайыздан ашкан.

Ошондой эле министрдин орун басары негизги капиталга инвестициялардын өсүшү экономиканын маанилүү драйвери болуп кала берерин, ал 18-20 пайыз деңгээлинде болору болжолдонуп жатканын кошумчалады. Мындай көрсөткүч масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу.

Мындан тышкары, ички рынокту адаптациялоо үчүн министрлик фискалдаштыруу боюнча ишти улантууда. Алсак, мейманкана жана ресторан бизнеси секторундагы пилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөттү.

"Пилоттун жыйынтыгы боюнча, бул сектордо салыктык жыйымдар кыйла өстү. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы долбоорду кеңейтүүнү жана ага сауналар менен мончо комплекстери сыяктуу ишкердик субъекттерин киргизүүнү көздөп жатат", - деди Чоро Сейитов.