Фермерлерге сүйүнчү: 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет

Экономика Загрузка... 09 Февраль 2026 13:37
iH5IjlvzEYFwGft6brch.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоорунун алкагында дыйкандарга 6 пайыз менен жеңилдетилген насыялар бериле баштайт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында кеминде 6 пайыздык чен менен 2 млрд 448 млн сом жеңилдетилген насыя берүү каралган.

Насыялар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар аркылуу берилет. Насыя берүү шарттары:

"Мал чарбачылыгы" жана "Өсүмдүк өстүрүү" багыттары боюнча:

  • мөөнөтү — 36 айга чейин;
  • 500 000 сомго чейин — күрөөсүз негизде;
  • 1 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

"Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары" багыты боюнча:

  • мөөнөтү — 36 айга чейин;
  • 3 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

Долбоордун алкагында каралган каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • "Мал чарбачылыгы" — 1 713,6 млн сом (70 пайыз);
  • "Өсүмдүк өстүрүү" — 489,6 млн сом (20%пайыз);
  • "Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары" — 244,8 млн сом (10 пайыз).

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин 23-январдагы тескемеси менен "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоору бекитилген.