Быйыл Үч-Коргон ГЭСинде 2 гидроагрегат реконструкцияланат

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 10:01
uchkurgan1.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. 2026-жылы Үч-Коргон ГЭСинде №2 жана №1 гидроагрегаттар параллелдүү реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда эки гидроагрегат боюнча даярдык жана инженердик-техникалык иштер башталды. №2 гидроагрегатты реконструкциялоо иштерин 1-февралда, ал эми №1 гидроагрегатты 1-мартта баштоо пландалууда.

1

Иштерди башкы подрядчы — Кытайдын CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы аткарууда.

Белгиленгендей, бардык иштер бекитилген календарлык графикке ылайык, техникалык талаптарды жана өнөр жай коопсуздугунун нормаларын так сактоо менен аткарылат.

Гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо станциянын орнотулган кубаттуулугунун этап-этабы менен өсүшүн камсыз кылат. Тактап айтканда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча реконструкциялоонун натыйжасында Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВтка жогорулаган, ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча орнотулган кубаттуулуктун жалпы өсүшү 36 МВтты түзөт.