Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Быйыл борбор калаада 10 бала бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коллегияда 2026-жылга карата социалдык инфраструктура объектилерин куруу пландарын айтып жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаадагы бала бакчаларга 36 миңден ашык бөбөк барат. Ошондой эле 29 миң бала кезекте турат.
“Акыркы үч жылда 22 бала бакча ачылып, 2026-жылга дагы 10 бала бакча куруу пландаштырылууда, бул орундардын жетишсиздигин жарым-жартылай жоюуга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи калаа башчысы.