Быйыл Бишкекте 50 миң көчөт отургузуу пландалууда

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 11:15
1760780571.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. 2026-жылы Бишкек шаарында 50 миң көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин подкастында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, келишимдер түзүлүп бүткөн жана көчөттөр февраль айынан тарта Бишкекке алып келине баштайт.

"Көчөттөр келгенде биз аларды дароо шаар ичине отургузбайбыз. Алгач питомникке тигип, алардын биздин шартка кандай көнүп жатканын, тамыр алып, өсөр-өспөсүн байкайбыз. Анткени, 2025-жылы 1500 дарак алынып келип, питомникке отургузулган, бирок алардын баары куурап калган. Ушул тажрыйбаны эске алуу менен көчөттөрдү алгач питомникке, андан кийин гана шаарга отургуза баштайбыз", - деп белгиледи мэр.