Быйыл Бишкекте 42 миң "акылдуу" эсептегич орнотулат

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 17:36
WhatsApp_Image_2026_Jmoq5rj.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. 2026-жылы Бишкек шаарында 42 миң "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эсептегичтер Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан орнотулууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Бишкек шаарынын райондорунда жалпысынан 28 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду. Анын ичинде:

  • Ленин районунда — 9 140;
  • Свердлов районунда — 4 659;
  • Биринчи Май районунда — 11 742;
  • Октябрь районунда — 2 374.

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:

  • көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;
  • керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
  • дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;
  • эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;
  • жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
  • электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.