Эскилиги жеткен жабдуулар: Бишкектеги электр мамылары жаңыланат

Коом Загрузка... 09 Март 2026 10:45
528036782_18072686666476120_2593330219161637424_n.jpg
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоонун алкагында 278 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жаңылоо иштери борбор калаанын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Алмаштырыла турган мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, колдонуу мөөнөтү эчак өтүп кеткен.

2026-жылга пландалган иштер:

  • Түндүк РЭТ — 125 даана;
  • Батыш РЭТ — 103 даана;
  • Чыгыш РЭТ — 50 даана.

Иштерди 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы шаар боюнча 671 даана темир-бетон мамы орнотулган.