Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарындагы эки ири көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, борбор калаанын энергия тутумун бекемдөө максатында төмөнкү иштер аткарылат:
- «Кызыл-Аскер» (110/10 кВ) көмөк чордонунда 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылат;
- «Центральная-3» (35/6-10 кВ) көмөк чордонунда 6,3 МВАлык жабдык 16 МВАга чейин жогорулатылат.
Белгилей кетсек, калааны үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер өткөн жылы да активдүү жүргүзүлгөн.
2025-жылы Бишкектеги 7 көмөк чордондун кубаттуулугу ийгиликтүү жогорулатылган:
- «Көк-Жар» жана «Орто-Алыш» — 25 МВАдан 40 МВАга чейин;
- «Алтын-Казык» жана «Берлик» — 16 МВАдан 25 МВАга чейин;
- «Водоканал» — 6,3 МВАдан 16 МВАга чейин;
- «Карагачевая» жана «Төмөнкү Ала-Арча» — 4 МВАдан 6,3 МВАга чейин.
Энергетиктердин айтымында, мындай кадамдар шаардын өсүп жаткан керектөөсүн канааттандырууга жана кышкы маалда электр тармактарына түшкөн жүктөмдү азайтууга шарт түзөт.