Быйыл 13 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түзө алат

Коом Загрузка... 17 Март 2026 18:16
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери 1800дөн ашуун үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен өз ишин баштоо каалоосун билдирди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" программасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башкы адиси Жалын Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө министрлик 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түздү. Калган өтүнмөлөр учурда атайын комиссиялардын кароосунда турат. Белгилей кетсек, 2026-жылдын аягына чейин ведомство бул программа менен 13 миң 333 үй-бүлөнү камтууну пландаштырууда.

Ошондой эле кайтарымсыз жардамдын өлчөмүнүн көбөйтүлүшү маанилүү жаңылык болду. Жалын Токтосунов долбоор башталганда катышуучуларга 100 миң сомдон берилип келсе, 2025-жылдан тарта бул сумма кайра каралганын белгиледи.

"Инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жана чакан бизнести ийгиликтүү баштоону камсыз кылуу максатында, төлөмдүн өлчөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү", – деди адис.