Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын түшүмү үчүн өлкө боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, пландалган аянттын 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат.
"Учурда талаа иштери Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында жигердүү жүрүүдө. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында аба ырайына байланыштуу себүү иштери баштала элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Республика боюнча жалпы 32,6 миң гектарга дан эгиндери себилди. Анын ичинен:
- Буудай: 11,4 миң гектар (Ош облусу — 5,7 миң га, Жалал-Абад — 2,5 миң га);
- Арпа: 13,5 миң гектар (Чүй — 6,3 миң га, Жалал-Абад — 3,2 миң га);
- Картошка: 2,4 миң гектар (Ош облусунда — 1,7 миң га).
Министрлик жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө жана үрөн менен камсыздоо абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантууда.