Быйыл 1150 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Коом Загрузка... 27 Октябрь 2025 12:20
WhatsApp_Image_fdlHImH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Быйыл 1150 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Ал белгилегендей, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

“Жолчулардын эмгеги менен Кыргызстанда жылына миңдеген чакырым жолдор курулат. 2024-жылы 802 км автожолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылы 1150 чакырымдан ашык жол асфальтталды. 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 км ашык жол курулуп, алардын ичинен 2 453 км жолго асфальт төшөлдү”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Адылбек Касымалиев кошумчалагандай, өлкөдө маанилүү болгон жолдор салынды, алардын ичинде Чолпон-Ата шаары аркылуу өткөн жол салынып, колдонууга берилди. Учурда Ош – Баткен – Раззаков коридорунун курулушу соңуна чыгып калды. Барскоон – Бедел жолунун курулушу башталууда.