Бишкек, 03.06. 26. /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги биринчи турда эң көп добушка ээ болду.
БУУнун түз эфирдеги жыйыны учурунда Кыргызстан — 105, Филиппин — 85 добуш алды.
Алдыда экинчи тур өтөт. Анда БУУга мүчө мамлекеттердин добуш берүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгон.