БУУнун башкы катчысы Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине катышат

Саясат Загрузка... 09 Июнь 2026 18:20
8bb1198b-b296-33d7-bcc6-1a328f469339.png
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Борбор Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү Каха Имнадзе менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Каха Имнадзе Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул окуянын Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон багыттарын жана биргелешкен демилгелер талкууланды.

b22db630-265b-3575-a8e9-fb1a0c00faae

Мындан тышкары, тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде БУУнун башкы катчысынын Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерин, ошондой эле Фергана тынчтык форумун регионалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана превентивдүү дипломатияны илгерилетүү үчүн аянтча катары пайдалануунун келечегин талкуулашты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер регионалдык борбордун мандатына кирген маселелер боюнча мындан ары да ар тараптуу кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.