Адам укуктары, гендердик теңчилик. БУУда Кыргызстандын ийгиликтери айтылды

Саясат Загрузка... 24 Февраль 2026 10:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-февралда Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстандын аталган кеңештеги үч жылдык мүчөлүгүн жыйынтыктап, эл аралык укукка болгон ишенимдин азайганына тынчсыздануусун билдирди. Ал чакан мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн дүйнөлүк системаны коргоого чакырды.

Эл аралык күн тартибинде Кулубаев Газада жетишилген ок атышууну токтотуу келишимин кубаттап, туруктуу тынчтык палестин элинин тынчтык процессине толук кандуу катышуусусуз мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Кулубаев Афганистандын обочолонушу гуманитардык абалды оорлоторун айтып, аны кризис очогу эмес, экономикалык потенциалы бар өлкө катары кароого чакырды.

Министр 2025-жылы Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлеринин саясий эрки менен Фергана өрөөнүндөгү чек ара талаштары чечилгенин белгиледи. Ал бул кадамды аймактагы коопсуздуктун жана диалогдун негизи катары баалады.

Мындан тышкары, ал ички саясат тууралуу айтып жатып Кыргызстан адам укуктарын мамлекеттик саясаттын негизи катары карманарын ырастады. Өлкөнүн мыйзам үстөмдүгүнө берилгендигин белгилеп, өлүм жазасын биротоло жокко чыгарууну кайрадан ырастады.

Ошондой эле эл аралык коомчулукту 2025-жылдагы парламенттик шайлоо кеңири эл аралык байкоо менен жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу өткөнүн маалымдады.

Парламентте аялдар үчүн мыйзам менен бекитилген 33 пайыздык квота бар экенин белгилеп, Кыргызстан гендердик теңчилик принциптерине берилгендигин баса көрсөткөнүн айтты.