БУУ: Кыргызстан – жарандыгы жок адамдар маселесин толук чечкен дүйнөдөгү жалгыз өлкө

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 19:40
aab4e39e-22ca-30c5-86bf-e1f2d72d4772.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча жаңы дайындалган аймактык өкүлү Махир Сафарли менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Исаев конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирип, кыргыз тарап Качкындар маселелери боюнча глобалдык форумдун алкагында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин баса белгиледи.

Сафарли жарандыгы жок адамдар маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү жалгыз мамлекет катары Кыргызстандын жетишкендиктерине жогору баа берди. Ошондой эле ал өлкөдө качкындар үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына шайкеш келген, атайын аппараттар менен окулуучу жаңы заманбап жол жүрүү документтери бериле баштаганын өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, ал "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин техникалык даярдыгынын жогорку деңгээлин баса белгилеп, анын аркасында аталган демилгени практикалык жактан ишке ашыруу мүмкүн болгонун айтты.

"Кыргызстандын бул багыттагы аракеттери жарандыгы жок адамдардын билим алууга, медициналык жардам алууга, эмгектенүүгө жана башка социалдык кепилдиктерге болгон негизги укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык нормаларга жана стандарттарга толук жооп берери өзгөчө белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар качкындарды коргоо, жарандыгы жоктуктун алдын алуу жана гуманитардык чөйрөдөгү практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү багыттарында кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана өнөктөштүктү чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.