Бул шайлоо абдан таза жана ишенимдүү болот – Камчыбек Ташиев

Коом Загрузка... 30 Ноябрь 2025 11:20

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Шайлоо абдан таза жана ишенимдүү болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги № 1046 шайлоо тилкесинен добуш берүүгө келгенде билдирди.

“Учурда өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо жүрүп жатат. Эч бир жерде кооптуу маселе жок. Андан сырткары, талапкерлер менен шайлоочуларга бардык шарттар түзүлдү. Ошондой эле жарандардын каалаган жерден, каалаган маалда өзү тандаган талапкерге добушун берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Мен өзүм дагы тынчтык, туруктуулук жана өлкөнүн келечеги үчүн добушумду бердим. Себеби, беш жылдын ичинде бул депутаттарыбыз экономикалык, саясий өңүттөгү маселелерди чечип беришет деген үмүттөмүн.

Андан сырткары, өзүңүздөр көрүп тургандай, бүгүнкү шайлоо системасынын мурунку советтер союзундагы өлкөлөрдүн, керек болсо Европа мамлекеттеринин арасында аналогу жок. Башкача айтканда, бир жаран өзүнүн каалаган талапкерин шайлап, мурункудай бирөөнү сүйлөшүп алып келүү, кошумча тизме жазуу жана бюллетендерди чыгаруу деген нерселер толук жоюлду. Бул жерде биринчиден электрондук түрдө чыгарылып, экинчиден журналга кол коюлуп, кагаз түрүндө да текшерилип турат. Атап айтканда, ушунчалык таза, дыкат жана ишенимдүү болот. Дүйнөлүк коомчулук буга өзү ынанат деп ойлойм”,-деди УКМК төрагасы.