Кыргыз-румын мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды — Кабар

Кыргыз-румын мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

Саясат 11 июнь 2026 09:55
720328457_1425162482980591_3956433782821385278_n.jpg
719798452_1425162606313912_3089560945338787459_n.jpg
719939614_1425162536313919_7098586616895855696_n.jpg
720905951_1425162296313943_3071792046912863509_n.jpg
721105880_1425162222980617_7994041229493302720_n.jpg
721817713_1425162372980602_2271351637280438243_n.jpg
722181993_1425162136313959_4819774524395978046_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Румынияга болгон иш сапарынын алкагында Бухарест шаарында бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

ТИМдер аралык консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

Абакировдун Румыния Сенатынын тышкы саясат боюнча комитетинин төрагасы Титус Корлэцян менен жолугушууда румын тарап Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысы Мариус-Виорел Поша менен жолугушуусунда гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын биргелешип өнүктүрүү маселеси каралды.

Ошондой эле Экономика министрлигинин мамлекеттик катчысы Дан-Адриан Поп менен соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана инвестиция тартуу багытында пикир алмашуу болду.

Мындан сырткары, Бухаресттин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Юлиу Стоклоса жана румыниялык ишкерлер менен жолугушуу өттү. Анда кыргыз тарап өлкөнүн транспорт, айыл чарба жана экспорттук потенциалы боюнча маалымат берип, румын бизнес өкүлдөрү Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чоң кызыгуусун билдиришти.