Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Бухарест шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин стратегиялык маселелер боюнча мамлекеттик катчысы Ана Кристина Тинктин катышуусу менен Кыргызстан менен Румыниянын ортосунда ТИМдер аралык консультациялар болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-румын мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү багыттарын, Кыргызстандын Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүү маселелерин, аймактык коопсуздук, ошондой эле, эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Ошондой эле саясий диалогду чыңдоо жана соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, билим берүү, маданий-гуманитардык жана туризм чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн оң тенденцияларын, өз ара соода жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик катчы Ана Кристина Тинка Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, өлкөнүн эл аралык иштердеги ролу өсүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.
Румын тарап Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөөгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын тастыктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстан менен Румыниянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2026-2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюлду.