Бүгүн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 08:43
571342376_24799778799663694_4760185235186769175_n.jpg
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, иш-чарага ошондой эле Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао катышат.

Түз эфир УТРКнын жана башка республикалык телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Башталышы — саат 11:00.