Бүтүрүүчүлөргө: Кайсы кесиптер суроо-талапка ээ жана кайсы жерде айлык көп?

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 17:35
WhatsApp_Image_2026_PDO4KQd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мектепти аяктагандан кийин кайсы окуу жайга тапшыруу жана келечекте канча айлык табууга болот деген суроолор жыл сайын 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн актуалдуу болуп келет. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги өлкөдөгү эмгек рыногунун учурдагы абалына сереп салды.

Кыргыз улуттук университетинин профессору Алмазбек Акматалиев белгилегендей, кесип тандоо — бул ар бир адамдын жеке чечими жана ал анын максаттарына жараша болот. Анын айтымында, бардык кесиптер маанилүү жана керектүү, бирок негизги маселе адам кандай максат менен тандоо жасап жатканында.

Эгерде бүтүрүүчү жогорку кирешеге жетүүнү көздөсө, анда банк тармагындагы адистер жана медицина кызматкерлери, айрыкча стоматолог кесиби актуалдуу бойдон калууда. Кыргызстанда курулуш тармагы активдүү өнүгүп жаткандыктан, курулуш инженерлерине жана архитектор-дизайнерлерге да суроо-талап өсөт.

“Ал эми туруктуулукка басым жасагандар үчүн мамлекеттик башкаруу жана педагогикалык багыттар ылайыктуу болуп эсептелет”,-деди Акматалиев.

Ошол эле учурда эмгек рыногунда юристтер жана экономисттер салыштырмалуу көбөйүп кеткен. Бирок укук тармагындагы тар багыттагы - бизнес укугу, криминалистика жана IT тармагындагы адистерге суроо-талап бар.

Экономика тармагында болсо эл аралык инвестициялар, криптовалюта, экономикалык анализ жана тармактык экономика (айыл чарба, курулуш, транспорт жана соода) келечектүү багыттар катары бааланат.

Мындан тышкары, жасалма интеллект, долбоордук менеджмент, логистика, агроиштетүү тармактарынын адистери, ошондой эле тоо-кен, геология жана кен иштетүү боюнча адистерге суроо-талап жогору бойдон калууда.

Анын айтымында, жакынкы жылдары кенже жаштагы балдарды өнүктүрүү боюнча адистерге жана башталгыч класстын мугалимдерине муктаждык дагы өсөт.

“Ошондой эле дээрлик бардык адистер эки же андан көп тил билген, заманбап Soft skills жөндөмдөрүнө ээ болушу зарыл. Креативдүү тармактар, өзгөчө кино, анимация жана элдик чыгармачылык да акырындык менен өнүгүп жатат”, - деди ал.

Кыргызстандагы эмгек рыногунун абалы

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталында иш берүүчүлөр тарабынан 8087 бош жумуш оруну катталган. Азыркы учурда 5 243 вакансия актуалдуу.

Кызматтык кесиптер (1465):

  • мектепке чейинки жана мектеп мугалимдери – 323;
  • саламаттык сактоо кызматкерлери – 527;
  • менеджерлер – 17;
  • бухгалтер-кассирлер – 158;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 114;
  • юристтер – 4;
  • программисттер – 98;
  • агенттер – 118;
  • стажёрлор – 47;
  • промоутерлер – 42 ж.б.

Жумушчу кесиптер (3778):

  • компьютер адистери – 175;
  • ашпозчулар – 138;
  • соода агенттери – 260;
  • тигүүчүлөр – 1065;
  • ширетүүчүлөр – 110;
  • курулуш тармагындагы жумушчулар – 373;
  • айдоочулар – 427;
  • жер астында иштегендер – 154;
  • кызмат көрсөтүү тармагы – 1016 (чач тарач, официант, сатуучу, курьер ж.б.)
  • Жаңы кошулган кесиптердин катарына экспедитор, гид, маркетолог, бариста сыяктуу адистиктер кирет.

Айлык маяналар

Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө орточо айлык акы тармактар боюнча төмөнкүдөй: каржы тармагында 83 277 сом, өнөр жайда 68 101 сом, транспортто 58 657 сом, курулушта 57 472 сом, соодада 55 188 сом, айыл чарбасында 33 813 сом, кызмат көрсөтүүдө 29 679 сом, саламаттык сактоодо 30 509 сом, билим берүүдө 27 352 сом, маданиятта 27 326 сом, илим тармагында 58 541 сом, маалымат жана байланышта 80 277 сом, ал эми кен казуу тармагында 86 971 сомду түзөт.

Жыйынтыктап айтканда, бул маалыматтар Кыргызстандагы эмгек рыногунун учурдагы абалын толук чагылдырып, кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенин жана кайсы тармактарда жакшы айлык табууга мүмкүн экенин көрсөтүп турат.