Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу, калк арасында укуктук маданиятты жогорулатуу, жаштардын шайлоо процесстерине катышуусун арттыруу жана алардын шайлоого активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы белгилешти.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жаштардын курагы 35 жашка чейин узартылган. Эми өлкө боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын үлүшү (18 жаштан 35 жашка чейин) 43,57%ды, бул 1 735 417 адамды түзөт.
Өнөктөштүктүн алкагында, БШК жана БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин биргелешкен аракеттери шайлоо процесси жана жарандык жоопкерчиликтин маанилүүлүгү боюнча кызыгууну жаратуучу жеткиликтүү жана түшүнүктүү чөйрөнү түзүүгө багытталат.
Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстерди күчөтүү максатында келечектеги кызматташтыкты улантууга келишишти.