БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган төрт жаранга эскертүү берди

Коом
БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган төрт жаранга эскертүү берди
copyright icon БШК

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган төрт жаранга эскертүү берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе бүгүн Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралды.

Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого үндөгөн материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу учурлары каралды.

Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиевге, Бахтияр Кыдыралиевге, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовго эскертүү берилди.

БШКнын маалыматына караганда, аталган жарандар жумушчу топтун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, социалдык тармактарга жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана мындай аракеттерди кайталабоого убада беришкен.

БШК жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.