Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү, ага каражаттарды түшүрүү жана чыгымдоо тартибин жөнгө салган жобону бекитти.
Боршайкомдун маалыматына караганда, жободо талапкердин жана аны көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банкта атайын эсеп ачуу жана шайлоо төгүмүн төлөө тартиби аныкталат.
Мындан тышкары, фондго каражаттардын келип түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды аныктоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугу боюнча эрежелер белгиленди.