Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.Бул тууралуу ТИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстан ТИМ башчысынын февраль айында Лондон шаарына жасаган сапарынын жыйынтыктарын жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун механизмдерин кеңири талкуулоого арналды.
Улуу Британияга болгон сапарга оң баа берип, Жээнбек Кулубаев кызматташтык үчүн бекем негиз түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле саясий декларациялардан конкреттүү практикалык кадамдарды ишке ашырууга өтүүнүн зарылдыгын айтты.
Соода-экономикалык кызматташтык жана инвестициялар маселелери талкууланып, тоо-кен тармагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, кен байлыктарды иштетүүгө британиялык инвестицияларды жана технологияларды тартуу перспективалары каралды.
Өкмөттүк делегациялар менен алмашууну жана бизнес-миссияларды уюштурууну кошо алганда, ар кандай деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу тажрыйбасын улантуу жана сапат жактан кеңейтүү макулдашылды.
Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Улуу Британиянын парламентинин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү ниеттерин ырасташты. Эки өлкөнүн парламентарийлеринин өз ара сапарларын уюштуруу талкууланды.
Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча да ой бөлүшүп, аймакта мүмкүн болушунча тез арада тынчтык орнотуу зарылдыгы боюнча жалпы пикир билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Лондондо жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык белгиленип, учурдагы маселелерди чечүү үчүн туруктуу байланыштарды сактоо тууралуу макулдашууга жетишилди.